Өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу, жалпы билим берүү тармагы окуучуларды аралыктан окутууга өткөн. Ал эми 7-декабрдан баштап, мектептер салттуу билим берүүгө кадам ташташты.
Кочкор району боюнча жалпы 34 мектеп бар. Азыркы учурда 18-мектепте 1-11 класска чейинки окуучулар толук түрдө, ал эми калган 16 мектепте 1-5-9-11- класстын окуучулары салттуу түрдө окуй башташты.
Кочкор районунун Чолпон айылындагы Корчубек Акназаров атындагы орто мектебинин директору Рысбек Айдаркулов төмөнкүлөргө токтолду:
Рысбек Айдаркулов
“Кочкор районунун билим берүү бөлүмүнүн, 4-декабрда чыккан №778 буйругунун негизинде салттуу түрдө окуй баштадык. Штабда каралган боюнча окуучулардын саны 300дөн ашык болсо, 1-5-9-11-класстар окушат. Биздин орто мектепте окуучулардын саны 607. Окуучулардын саны көрсөтүлгөн талаптан ашык болгондуктан, 1-5-9-11-класстардын окуучулары реалдуу режимде окутууга өттү. Жогоруда айтылган төрт класстын окуучуларынын саны 262ни түзөт.
Санитардык талаптарды сактоонун эрежелери киргизилген. Буга чейин бизге райондук билим берүү бөлүмүнөн атайын санитардык каражаттар берилген. Окуунун жүрүшүндө, атайын алгоритмдин негизинде дежур мугалимдер уюштурулган. Кезеги менен мугалимдер класстарды кыдырып, тепловизор (дене-тапты өлчөөчү каражат) менен балдардын ден-соолугун күн сайын бир маал көзөмөлдөп турушат. Ар бир класска ден-соолук журналы ачылган. Эгерде окуучулардын ден-соолугунан кандайдыр бир белгилер байкалса, журналга жазылып турат жана дарыгерге кабарланат.
Окуу жылынын башында, билим берүү министрлиги тарабынан буйрук келген. Быйылкы жылы окуучулардан мектеп формасы талап кылынбайт. Бирок эркин кийинүү эмес, ар бир окуучу мүмкүнчүлүгүнө жараша, колунан келсе классикалык форма кийүүсү керек».
Салттуу түрдө окуп жаткан 5-класстын окуучулары
Аталган мектепте, учурда реалдуу режим менен 262 окуучу билим алууда
Орто мектепте санитардык талаптарды сактоонун эрежелери киргизилген
Эл аралык онлайн конкурста окуучу кыз алдынкы орунга чыкты
Перизат Таштанова