Спорттук мелдешке Кара-Суу жана Табылгыты айылдарынан түзүлгөн айымдар командасы менен Тогуз -Торо ФМ радиосунун журналистеринен куралган командалар катышты.
Айымдар арасында футбол ойноп жатышат
Жыйынтыгында 1-орунду «Ийгилик»командасы багындырса, 2-орундуу «Журналистер» командасы алды.3-орундуу «Лидер»командасы камсыз кылды.Айылдын тургундары демөөрчүлүк кылып, баардык командалар акчалай сыйлыктар менен сыйланышты.
Оюндун жыйынтыгында катышуучулар өздөрүнүн ою менен да кыскача бөлүшүп кетишти.
Тунук Орозбекова: Айымдар арасында спорттук мелдеш болуп, футбол ойнодук.Абдан кызыктуу болду. Канчалык кыйкырып ойногон сайын ошончо женилдеп калдык.Женилуу болот дегендей “Ийгилик” командасы биринчи оруундуу алдык.Оюн буткондон кийин женилденип озубузду жакшы сезип калдык.Футболго деген кызыгуу абдан кучтуу ден-солуука да пайдалуу.Айымдарга кенеш берип кетет элем чуркап,жугуруп,ойноп озубузго энергия топтоп алабыз ошондуктан дайыма футбол менен эмес волейбол баскетбол ойносок да жакшы болот.
Чолпон Жумабек кызы: “Спорт ден соолуктун башаты дегендей бири бирибизди жакындан таанып кичине болсо дагы конулубузду котордук бугунку оюн абдан жакты мага абдан сонун болду.”
Зарина Эстебес кызы: «Бүгүнкү оюн аябай жакшы болду. Кызыктуу өзүмө көп жакшы нерселерди алдым жана дагы стрестен арылгандай болдум. Көп адамлар менен тааныштым.Баарыбызга жакты биринчиликти алгандан кийин дагы ойногум келди.Мындан ары дагы ийгиликтерди багындырып жүрө берели».
Оюнга катышкан комардаларга демдемөөрчүлөрдүн жана уюштуруучулардын атынан акчалай сыйлык берилип озунун калоо тилектерин айтып командаларга ийгилик каалады.
Демөөрчү болуп келген айылдын тургуну Суранбу Тартакова: «Биздин айылдын айымдарын колдоо үчүн суусундук алыпкелип отурам.Бул оюнду жакшы уюштурулуптур үйдө бала багып, үй тиричилиги менен алек болуп отурган келиндерге жакшы мотивация болду.Оюнду уюштуручуларга дагы рахмат оюн негизинен жакшы болду».
Эскерте кетсек, бул иш чара Интерньюстун долбоорунун алкагында колдоо көрсөтүлдү.
Аэлита Илиязова