Ак-Талаа районуна караштуу Жаңы-Талап айылында айнек бөтөлкөдөн салынган мончо иштей баштады. Мончого жалпы 18 миң даана бөтөлкө кеткен. Сыртынан караганда кадимки кыштан жасалгандан эч айырмасы жок.
Ал эми ички бети экологиялык таза делип, жыгачтан жасалган. Үч бөлмөлүү бул мончонун иштеп жатканына аз убакыт болгонуна карабастан кардарлары сын пикир айтыша элек.

Баасы кымбат эмес, айылдыктардын чөнтөгүнө туура келет. Нурабаев Мирбектин айтымында, мончо 350 миң сомго тургузулган.
Даярдаган: Кулманбетова Мээрим
Маалымат басылманын менчиги болуп саналат жана көчүрүп басууга тыюу салынат!