“Айтматов кылым адамы” деген темада 95 жылдык мааракеге арналган адабий кече, 8-класстар арасында таймаш өткөрүлдү.
№12 Курама уулу Турусбек атындагы орто билим берүүчү мектебинин кыргыз тили жана адабият мугалими Эрке Стамалиева Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдык мааракесине байланыштуу уюштурулган таймаш жөнүндө маалымат берди: «Адабий кече, таймашты өткөрүүнүн негизги максаты, окуучулардын Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларына, китеп окууга кызыгуусун арттыруу. Иш-чарада окуучулар менен мугалимдер бирдикте Айтматовдун чыгармаларын аткарышып, активдүү катышышты. 8 «А» классынын окуучулары алдыңкы орунду алып, “Тоолор кулаганда” аттуу китеби менен сыйланышты. Таймаштан сырткары Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдык мааракесине байланыштуу мектеп ичинде газеталарды чыгаруу, макеттерди жасоо иш-чаралары дагы уюштурулду».
Мектептин окуу бөлүм башчысы Чынара Жумагулованын айтымында, мааракеге байланыштуу башталгыч класстар үчүн «Менин алгачкы эмгек алгачкы эмгек акым» деген темада театрлаштырылган сахна өткөрүлдү.
«Мугалимдер театрлашкан сахнаны көрсөттүк. Мында окуучулардын Чыңгыз Айтматовдун тарбиялуулук балалык чагын, фразеологиялык сөздөрүн, кептерин ошондой эле чыгармаларын өздөрүнүн даражасына карата көрсөтүп беришти. Чыңгыз Айтматовдун ар бир чыгармасынан үзүнду көрсөтүп беришип, аны окуучуларга табышмактап таптырдык, тапкан окуучулар белек алышты. Жыйынтыгында окуучулар Чыңгыз Айтматов жөнүндө кеңири түшүнүк алышып, кызыгуу менен чыгармаларын дагы да окушат».
Асема Таалайбекова, Дилде Таалайбекова, Эльбина Аттокурова