Сокулук районундагы Новое айылынын Гүльсина Капарова атындагы орто мектебинде 8-декабрь күнү Сокулук районунун жогорку зонадагы мектептер арасында шахмат оюну боюнча таймаш семинары болуп өттү.
Семинар-таймашка Сокулук районунда жайгашкан беш мектептин окуучулары жана дене тарбия мугалимдери катышышты. Алар: Сокулук районунун Саадаш Абдылдаева атындагы орто мектеби, Орок мектеби, Жамгырчинова мектебини, Рахманов мектеби жана Гүльсина Капарова орто мектебинин мугалимдери жана окуучулары.
Таймашта окуучулардын шахмат оюнуна болгон кызыгуулары артып, эң жакшы оюн көрсөтүштү. Оюнда кыздар арасында I орунду Орок мектеби, II орунду Абдылдаева мектеби, III орунду Жамгырчинов мектептери ээлешсе, эркек балдар арасында I орунду Жамгырчинов мектеби, II орунду Орок жана Гүльсина Капарова орто мектеби, III орунду Рахманов мектептеринен келген курама командалар алышты. Оюндун алкагында алдынкы орунду ээлеген окуучулар дипломдор менен сыйланышты. Рахманов орто мектебинин дене тарбия мугалими Бакыт Джусупов өз сөзүндө: ,,Шахмат спорттук оюндардын бир түрү. Мектептин дене тарбия мугалимдери окуучуларды спорт менен эрте куракта достоштуруп, инклюзивдүү коом түзүү менен бирге куунак, сергек жашоо образы менен ийгиликтерди багындырууларына өбөлгө түзүүгө бар күчүбүздү жумшайбыз. Учурдан пайдаланып Гүлсина Капарова мектептин жалпы жамаатына жана дене тарбия сабагынан берген Мөкүш Сыдыралиев, Мирлан Кайдиев агайларга терең ыраазычылык билдиребиз”, — деп билдиребиз.
Мелдештин катышуучулары
Белгилей кетсек шахмат оюну боюнча семинар Гүльсина Капарова мектебинде алгачкы ирет болуп өттү.
Аксана Шалтаева, Айдай Джолчубекова
.