Эгемендиктин 25 жылдыгын утурлай Ак-Талаанын Баетов айылында Соң-Көл периси Акмөордүн эстелиги ачылды. Ал Мурзалымбеков көчөсүндө жайгашкан Тарых музейинин кире бериш жерине коюлду.
Район жетечилигин демилгеси жана демөөрчүлөрдүн колдоосу менен жасалган айкелге жалпы 300миң сом каражат жумшалган. Ачылыш аземине жергиликтүү бийлик өкулдөрү, айыл аксакалдары, Акмөөрдүн урпактары катышып, кызыл тасма кесилди.




Даярдаган: Г. Мамытбекова