Талас шаарында сулуулук салондорунун саны арбын. Алардын бири Айя Style салону.
Салондун жетекчиси Айя Шүкүрова алдыда дагы бир салон ачууну максат кылып жатат.

– Мен өзүм ар нерселерди кооздоп жасоого кызыгам, ошондуктан мен башкача айтканда жасалгалоо жагын тандадым десем болот. Сулуулук дүйнөсүнө аралаша баштаганыма 7-8 жылдын жүзү болуп калды. Ал эми сулуулук салонун ачканыма жакынкы арада 3 жыл болот. Мен эч убакытта башка салондордон айырмаланып турам же өзгөчөлүктөрүм бар деп айта албайм. Бир гана өзүмдүн чеберчилигимди өнүктүрүү үчүн Бишкек шаарына барып ар кандай семинарларга катышып келем. Ал эми чач жасалгалоо боюнча айта кетсем, чач кыркуу 150 сомдон өйдө, ал эми чач жасоо 350 сомдон жогору. Жакынкы арада биздин Талас шаарыбызга «Айя Style 2» аттуу сулуулук жана үлпөт көйнөктөр салонун ачтым. Алдыда дагы бир салон ачам деген үмүттөмүн. Биздин салондо чач жасоо, макияж жасоо жана тырмакка маникюр жасоо бөлүмдөрү кызмат көрсөтөт.

Даярдаган: Тимурова Толгонай