Бакай-Ата районун фермелеринде кандай маселелер бар? Үрөндүн сапатына ким жооп берет? Кайсыл мөмө-жемиш көп убакытты жана акчаны талап кылат? Ушул суроолорго биз 11- июнь күну Демократия сааты уктуруусунун алкагында жооп алдык.
Программанын эксперттери болуп, Бакай-Ата райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын башкы адиси Нурлан Орозбаев жана Өсүмдүктөрдүн карантини боюнча Талас облусунун башкармалыгынын башчысы Кемелбек Бокуев катышышты.
Эфирдин жүрүшүндө, Линара Ниязбекова «Экспорт жана импорт» ассоциациясынын президенти айыл чарбада болгон маселелер тууралуу, өз оюн айтты.
«Демократия сааты» долбоору Кыргызстандагы Фридрих Эберт атындагы Фонд тарабынан каржыланат. Уктуруудагы ой-пикирлер Фонддун көз карашын чагылдырбайт.
Даярдаган: Айжамал Кубанычбекова