Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлооcу 11-апрелде болуп ѳттү. Барскоон айыл аймагында жергиликтүү кеңештин депутаттыгына жалпы элүү жаран талапкерлигин койду. Жергиликтүү кеңештин депутаттарынын билими кандай болуш керек? Барскоон жамааттык мультимедиа борбору бул суроого жооп издеди.
Айылдык кеңештин депутаты жогорку билимдүү болушу керекпи? Эл өкүлү болуш үчүн дагы кандай талаптар коюлушу керек- деген суроо менен Барскоон айыл аймагынын айыл ѳкмѳтүнүн жергиликтүү кеңеншинин жооптуу катчысы Азимкүл Жаныгуловага кайрылып кѳрдүк.
Барскоон айылдык Жергиликтүү кеңеншинин жооптуу катчысы Азимкүл Жаныгуловага
«2010-жылы Конституция ѳзгѳргѳндѳ айылдык кеңештин депутаттары карапайым элдин арасынан чыксын деп мыйзамга ѳзгѳртүү киргизген. Ошондо бул жерге билим деңгээли эч кандай басым жасалбасын. Элдин арасынан болсун, мейли орто билим болсун, мейли жалпы билимдеги талапкер болсун татыктуусу ѳтүп кетсин. Ошол элдин арасынан чыксын деген мааниде ѳзгѳртүү киргизилген. Айыл кеңеш депутаттыгына эч кандай чектѳѳ жок билим деңгээли боюнча».
Кыргыз Республикасынын Конституциясына жана мыйзамдарына ылайык жергиликтүү кеңештердин жана Жогорку Кеңештин депутаттыгына көрсөтүлгөн талапкерлерге алардын билими боюнча чектөөлөр белгиленген эмес. Жергиликтүү кеңешке талапкер болуп Кыргыз Республикасынын жараны бара алат деген оюн, айылдык кеңештин депутаты Бакыт Асанов ортого салды.
Айылдык кеңештин депутаты Бакыт Асанов
«Ал эми ошол айылдык кеңешке талапкерлердин коюу бул Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык соттолбогон, орто билими бар жарандарыбыз айылдык кеңештин депутаттыгына талапкерлигин кое алышат».
Мамлекеттин милдети – бардык жарандарга бийликке келишине бирдей шарт түзүп берүү. Айыл жеринде жергиликтүү кеңеште аялдарга берилген квота анча маани берилбей келип, эки жылдан бери ишке ашырылып келе жатканын жаңы шайланган жергиликтүү кеңештин депутаты Мария Кыдырбаева билдирип ѳттү:
Жаңы шайланган жергиликтүү кеңештин депутаты Мария Кыдырбаева
«30% квотанын негизинде быйыл аялдар кѳп келди. Бизде мурда аялдар анча жок болчу, жаштар кѳп тартылды. Мында биз эң биринчи бараткан милдетибиз ушул айылдын кѳйгѳйүн, аялдардын укугун коргоо, зордук-зомбулукка, аялдардын жасаган ролу кѳп эле. Бирок ошолордун баары кѳмүскѳдѳ калат. Эми билим деле албетте роль ойнойт. Билимдүү болуш керек бир четинен, билими жок деле акылы зирек жакшынакай аялдар болот. Сѳзсүз эле билимге чектелбеш керек мында».
Айыл кеңеш депутаттары үчүн билими боюнча чектѳѳлѳр жок. Бирок, жергиликтүү кеңеш депутаттары, Кыргыз Республикасынын жарандыгынан ажыратылса же ѳз каалоосу менен жарадыктан чыкса, депутат тууралуу кылмыш иши козголуп соттун ѳкүмү чыкан учурда мандатынан четтетилет. Мындан тышкары эгерде депутат мамлекеттик муниципалдык ишкананын жетекчиси болсо, ал мамлекеттик муниципалдык ишкана ошол адам депутат болгон аймакта жайгашса депутат болууга мыйзам жол бербей тургандыгын аймактык ѳнүгүү мамлекеттик агенттигинин башкы адиси Венера Исалиева билдирди.
Аймактык ѳнүгүү мамлекеттик агенттигинин башкы адиси Венера Исалиева
«Конституциянын негизинде ар бир жаран депутат болуука укугу бар. Билимине чектѳѳ жок. Бирок, Кыргыз Республикасынын жараны болуш керек. Андан тышкары жергиликтүү кеңештер жѳнүндѳ мыйзам бар. Ошол мыйзамда бир норма бар. Мисалы, тѳрт сессия катары менен жүйөөлүү себептери жок сессияга катышпай калса, мандатынан ажыратуу тууралуу депутаттар карап, чечим чыгарышат. Андан кийин чечим чыгаруу үчүн аймакттык жана борбордук шайлоо комиссияларына жиберилет».
Бул материал Фридрих Эберт атындагы Кыргызстандагы Фонду тарабынан колдоого алынды. Материалдын мазмунундагы ой-пикирлер фонддун кѳз карашын чагылдырбайт.
Гүлкайыр Осмоналиева