Жайыл районунун айыл аймактарында айыл өкмөттөрүнүн саресеби өткөрүлүп жатат. 24-февралда Жайыл районунун Кара-Суу айыл өкмөтүнүн саресеби өттү.
Бул саресепке Кара-Суу, Ставрополовка айылынын тургундары, райондун акими Турусбек Ногоев, райондун жетекчилери жана Кара-Суу айыл өкмөтүнүн кызматкерлери катышышты.
Саресепти Кара-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы Дженбаева Насипа ачып берди. Айыл аймагынын 2019-жылкы аткарылган иштери, жетишкендиктери жана көйгөйлөр тууралуу айтылды. 2019-жылкы айыл өкмөтүнүн жетишкендиктери- бул эки айылга ФАП имаратын куруу, Кара-Суу айылынын борбордук жолун асфальттоо жана ошондой эле Ставропол айылында жеке инвесторлордун кампаларды, туругундар үчүн жатакананы, айыл тургундары үчүн кырманды куруусу жөнүндө айтылды.
Айыл аймагынын негизги көйгөйлорүнүн бири бул сугат түйүндөрү экени айтылып, сугат системасын оңдоо үчүн көп каражат керектиги айтылды. Сарэсеп берилип бүткөндөн кийин айыл тургундары райондун акимине, жетекчилерине суроолорун узатышты.
Айылдыктардын эң биринчи көйгөйү — бул үй куруу үчун жер тилкесин бөлүп берүү экендиги билинди. Көпчүлүк “качан жерди трансформация кылат, качан үй салганга жер тилкеси берилет”, деп суроо беришти. Райондун акими бул суроо боюнча иш жүрүп жаткандыгын айтты. «Буйруса, бул көйгөй да жакында чечилип калат»,- деди.
Даярдаган: Мамбетова Элина