Баетов айылында жаңы ветеринардык дарыкана ачылып, ишке берилди. Анда мал жандыктарын дарылоодо, ар кандай мал ооруларын алдын- алууда керектелүүчү бардык дары-дармектер бар.
Аптеканын кызматкери Эсенбек уулу Амантурдун айтымында: «Мал киндиктүү айылдар үчүн мындай ветеринардык аптека же ветеринардык кызмат көрсөтүү эч качан көптүк кылбайт. Алар эгер көп болсо, атаандашууга, тейлөөнүн жакшырышына гана алып келет. Кардарлар кайсы аптека болбосун зарылчылыгына жараша кызматын пайдалана берет «.
Ошондой эле, аптекага дары-дарымектер ортомчулардан эмес дистрибьюторлордон түз алынып келинет жана баасы айыл тургундарынын капчыгына туура келет деген оюн кошумчалады.
Даярдаган: Барчын Мамытбекова