Нарын облусундагы Кочкор районунан 30 километр алыстыкта Ара-Көл айылы жайгашкан. Бул айылда кереметтүү көл бар. Ара-Көл көлү мындан көп жыл мурун суу сактагыч катары курулган. Бирок азыркы учурда көл колдонулбайт.
Бул көл дениз деңгээлинен 2050 метр бийиктикте жайгашкан. Жай мезгилинде көлгө түшүүгө болбойт. Бирок балык кармай берүүгө уруксат берилген.

Ара-Көл кышында тоңуп турат
Кыш мезгилинин орто ченинде кереметтүү көл 70-80 сантиметрге чейин тоңот. Ошондуктан январь айынын орто ченинде муз үстүндө ойноо коркунучсуз.

Көл үстүндө машина менен жүрүүгө да болот


Көл коньки тебүүчү жайга айланган
Кышкысын жергиликтүү калк жана кошуна айылдардан келип муз үстүндө чана тебишет. Бул дагы болсо жерибиздин бир керемети десек жаңылышпайбыз.
Быйылкы жылы бир гана жергиликтүү калк эмес атайын муз үстүндө чана тепкени башка жактан көрүүчүлөр келе баштады.

Азыркы учурда дагы, кереметтүү көл өзүнө көп адамдарды тартууда. Ошондой эле күн сайын атайын башка жактан келген коноктордун саны өсүүдө.
Жайы-кышы көрккө бөлөнүп,
Ар дайым элди суктанткан.
Салкын десең Кара-Тоо төрү бизде,
Тунук десең Ара-Көл көлү бизде.
Даярдаган: Нуркалый кызы Нурпери