2020-жылдын 7-февралында Нарын облусунун Кочкор районуна караштуу Ак-Бел аймагын тазалоо иштери жүргүзүлдү. Бул аймакта Чолпон айылына караштуу болгон айылдардан чыккан таштанды төгүүчү жай орун алган. Таштандылар чегинен ашып көбөйүп ашып кеткендиктен аларды башка жайга көчүрүү ишин айыл өкмөтү жана жалпы жашоочулар колдошту.
Ар бир айылдын өзүнчө тазалык трактору бар. Ар бир ай сайын айылды кыдырып таштандыларды чогултуп кетип турат. Бардык таштандылар ушул аймакка төгүлчү.




Эпкин айылынын тургуну Акматова Бурулкан:
«Мен Эпкин айылынын тургуну болом. Айылдагы ооруканада санитарка болуп эмгектенем. Бул аймакты тазалоого Чолпон айылына караштуу болгон айылдардагы мекемеде иштегендер, китепканачыдан баштап кароолчуга чейинки адамдар келип салымдарын кошуп жатышат. Бул жер негизинен бардык айылдар таштанды төгө турган жай болчу. Анан шамалдын кесепетинен таштандылар ары бери учуп, өзгөчө желим (полиэтилен) пакеттери айлана чөйрөнү өтө булганыч абалга келтирип жатат. Айыл өкмөтүнүн чечими менен бул таштанды таштоочу жайды башка жерге көчүрүүдөбүз».
Мындай тазалоо иш-чаралары маал- маалы менен өткөртүлүп турары пландалган.
Даярдаган: Нурпери Нуркалый кызы, Перизат Таштанова