2021-жылдын 11-апрелинде Кыргызстан боюнча шаардык жана жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоо болуп өткөнү баарыбызга маалым. Ал эми айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы бир эле учурда айылдык кеңештин депутаты боло алабы деген суроого “Ачык өкмөт” уктуруусунан жооп ала аласыз.
Биз бул суроо менен биринчи айыл тургундарынан сурамжылоо жүргүздүк:
«Мурда мындай нерсе болуп келген, себеби ошол мезгилде ошону талап кылган. Азыркы шартта кандай экендигин мен жакшы билбейм. Мурун сөзсүз айылдык кеңештин катчысы айыл кеңештин депутаты болууга укуктуу эле»
«Айыл өкмөтүндө иштегендер депутат болсо боло берсе керек. Ал эми адамдын өзүнө башланыштуу болсо керек деп ойлойм. Өзү өтө кыйын адам болсо иштей берсе керек. Алар маалыматты көп алат дагы, көп жагынан билимдүү болот. Иши боюнча да көп маалыматты алып турат. Айылдын көйгөйүн чечкенге ошол жагынан да жардам болсо керек».
«Менин оюмча ал туура эмес. Бир кызматты эле аткарыш керек. Депутат да болуп, айыл өкмөттө да иштесе укугу жогорулап кетеби деп ойлойм».
«Айыл өкмөттө катчы болуп иштеген адам депутат болгонго укугу жок. Себеби бир жактуу иштеши керек. Депутат болгондон кийин элдин муктаждыктарын караш керек, ал эми ага анын колу тийбейт. Ошол себептен өзүнүн ишинде иштегени жакшы болот».
Ал эми бул суроого Куу-Майдан айылынын активисти Зиягүл Козу кызы мындай деп жооп берди:
Зиягүл Козу кызы
«Айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы бир эле учурда айылдык кеңешке депутат боло албайт. Эмне үчүн дегенде муниципиалдык кызматкер болуп эсептелет. Бирок айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы айылдык кеңештин жооптуу катчысы боло алат».
Кеңеш айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы Айтолкун Шадыбекова да бул суроого өзүнүн жообун узатты:
Айтолкун Шадыбекова
«Айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы бир эле учурда айылдык кеңештин депутаты боло албайт. Себеби дегенде ал муниципиалдык кызматкер, ал эми депутат анын көзөмөлдөөчү органы. Эгерде депутат болууну кааласа кызматын тапшыруу керек. Кызматын тапшырганда гана жергиликтүү кеңешке депутат боло алат».
Юрист Хамид Шералиев айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысынын укуктары “ Жергиликтүү өз алдынча башкаруу” мыйзамында жазылганын билдирди:
Хамид Шералиев
“Айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы айылдык кеңештин депутаты боло албайт. Себеби ал кеңешке отчет берип, кеңешке көз-каранды болуп эсептелет. Ошондуктан бир эле учурда катчы дагы депутат дагы болгонго болбойт.”
Бул материал Фридрих Эберт атындагы Кыргызстандагы Фонд тарабынан колдоого алынды. Материалдын мазмунундагы ой-пикилер фонддун көз карашын чагылдырбайт.
Аймончок Кожонова