Ноокат районунун Кулатов айыл аймагындагы мектептер кышка карата даяр. Айыл өкмөт тарабынан көмүр менен камсыз болушкан. Терезелер жылууланып, кааналардын температуурасы талапка жооп берет. Билим берүү министрлиги тарабынан белгиленген алгоритмдин негизинде балдар билим алып жатышат.
Ноокат районунун Кулатов айыл аймагындагы К.Надиров атындагы орто мектеп 2020-2021-окуу жылында кышка карата даяр экендигин билдирди мектеп директору Тынара Абдрахманова билдирди. Анын айтуусунда, айыл өкмөтү мектептер үчүн жакшы көңүл бурат.
«Көмүрлөрдү убагында түшүрүп беришти. Сапатына да абдан жакшы маани беришет. Таза, күйүмдүүлүгү жакшы сапаттуу көмүр түшүрүп беришти. Окуу кааналардын жылуулугу 20, 22,23 градуска жогорулайт.
Мектеп жаңы имаарат болгондугуна байланыштуу шарттар жакшы. Мектепке бир жылына 72 тонна көмүр коротулат. Учурда 40 тонна көмүр түшүрүлгөн. Жакынкы күндөрдө калган көмүр айыл өкмөт тарабынан алынып келинет.
От жагуучу кызматкерлер нөөмөт менен иш алып барышат. Үч от жагуучу кызматкерлерибиз бар. Күнү түнү от жагып турушат. От казаныбыз да сапаты жакшы болгондук эч кандай кыйынчылык жок.»
Кыргыз Республикасынын Билим берүү Министрлигинин пандемия учурундагы билим берүүнү ишке ашыруу максатында иштелип чыккан алгоритиминин негизинде 11-ноябрдан баштап, мектеп окуучуларынын саны 346 болгондугуна байланыштуу реалдуу окууга өттүк. Балдар учурда мектепке келип окуп жатышат. Санитердык эрежелерди сактоо боюнча ар бир окуучу экиден бет кап, антисептикалык каражаттар менен ата-энелер тарабынан камсыз болушту. Окуучулар шахмат формасында отурушуп, сабак окуп жатышат.
К. Надиров атындагы орто мектебинин башталгыч класс мугалими Чолпонай Гамбарованын айтуусунда:
«Аралыктан окуган учурда айрым сабакка катышпаган окуучулар менен көбүүрөк иштөөгө туура келип жатат. Бирок балдардын коопсуздугун эске алуу менен аралыкты сактоону, жана санитардык гигиеналык эрежерди сактоо менен иштеп жатабыз. Мектеп жылуу, кааналарда бардык шарттар каралган. Окуучулардын арасында ооруп келбей калган окуучу боло элек. Учурда балдар сабактарга активдүү катышып жатышат».
Быйылкы жылы мектептерге жана бала бакчаларга сапаттуу көмүр түшүрүлдү.
Т.Кулатов айыл өкмөтүнүң башчысынын орун басары Данияр Көчкөновдун маалыматына карата быйылкы жылы айыл өкмөттүн аймагындагы мектептер көмүр менен камсыз болушту. Жалпы 10 мектеп 7 бала бакча бар алардын ичинен 7 мектеп көмүр менен жылытылат. Калган 3 мектеп электр тогу менен жылытылат. Ушул үч мектепти да көмүр менен жылытууну кийинки жылдын планына карап жатабыз. Андан сырткары, терезелерди каптоо үчүн желим пакеттер берилди. Мектептер кышка даяр.
Таңнуру Жалалова