Нарын районуна караштуу Куланак айылынын айрым тургундарына долбоордун негизинде гуманитардык жардам көрсөтүлдү. Долбоорду айыл өкмөтүнүн адиси Ишенбек Асанбаев жазган.

Бул тууралуу долбоордун жетекчиси Ишенбек Асанбаев төмөндөгүлөрдү айтып берди.
“Мен Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасы менен иш алып барам. Бул жардам дал ушул программанын негизинде жетишпеген үй-бүлөлөргө жардам көрсөтүү, турмуш шартын оңдоо максатында ишке ашып жатат.

Гуманитардык жардамды аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн санын, турмуш шартын аныктап, таратып жатабыз.

Жалпы 65 тонна ун, 6,5 тонна литр май менен камсыз болушуп, 285 адамга берилди.

Буга чейин да 13 долбоор жазган элем. Алардын бардыгы тең өткөн”, — деп токтолду Ишенбек Асанбаев.

Берилген жардам тууралуу айыл тургуну Айныжамал Ускаева “Биздин бир топ эле көйгөйлөрүбүздү чечип беришти. Бүгүнкү долбоордун жетекчилерине өзүмдүн жана Куланак элинин атынан ыраазычылыгымды билдирем. Жыл сайын ушундай долбоорлор ишке ашып турса жакшы да» деген оюн айтты.
Долбоордун негизинде үй-бүлөлүк бюджет жана айыл чарбасы боюнча тренингдер да өтүлүп, ага 200дөн ашык адам катышкан.
Ал эми Учкун айыл өкмөтүнүн соцадиси Анара Балтабаева төмөндөгүлөрдү кошумчалады.
“Аталган долбоор 2016-жылдын март айында келген. Жумушсуз калкка бир топ жеңилдиктер болуп жатат. Бул жакырчылыкты жоюунун бир этабы”, — дейт Балтабаева.
Мындан сырткары айыл жергесинин социалдык объектиси боюнча, жолдорду оңдоо, күнөсканаларды куруу жана башка көптөгөн долбоорлорду жазып жатышканын да айтып өттү Ишенбек Асанбаев.
Даярдагандар: Самара Рыскелди кызы, Ырысбай Адамалиев, Бегимай Талантбек кызы