Лейлек районуна караштуу Сары-Дөбө айылында бир эле ветеринар бар. Ал 24 жылдан бери айыл тургундарынын мал жандыктарын дарылап келаткан Айипбек Жороев.
Ал чейрек кылымдын өмүрүндө бир топ сыйлыктарга жана мактоо баракчаларына ээ болгон. Айылдын мал доктуру Жороев менен маек курдук.
Саламатсызбы! Сиз кайсы окуу жайды аяктагансыз?
— Мен Жалал-Абаддагы зооветеринардык техникумду бүтүргөм. Ошондон бери айыл жергесине эң керектүү болгон кесипти аркалап келе жатам.

Азыр айылда кырдаал кандай? Кайсы оорулар күчөп жатат?
— Учурда, кудайга шүгүр, каттуу оорулар жок. Эгерде айыл элинин малы кичине сыркоолоп калса, түн-күнгө карабай барып дарылап алдын алам. Азыр малдардан кан алып жаткан учурум. Баары жакшы буюрса.

Сизге мамлекет тарабынан айлык акы төлөнүп берилеби?
— Жок, биз өзүбүз дарыларды сатып алып, элдин малын дарылап акча алабыз. Ал эми мамлекет тарабынан кээде эле дарылар бекер берилет.

Сиз ушунча жыл ветеринардык кесипти аркалап кандай сыйлыктарды алдыңыз?
— Район боянча үч жыл катары менен ардак грамота алдым. Мындан сырткары 2011-жылы АРИС уюму муздаткыч жана өзүбүзгө керектүу куралдарды беришкен. Быйылкы жылы да АРИС уюму мотоцикл жана хирургиялык инструменттерди беришти.
Маегиңизге чоң рахмат!
Даярдаган: Нурайым Айипбек кызы
Редактору: Аймир Каныбекова
Сынак үчүн