Жайыл районуна караштуу Кара-Суу орто мектеби беш күндүн окууга өттү, бирок баары эмес. Бул тууралуу Кара-Суу орто мектебинин мүдүрү билдирди.
Кара-Суу орто мектебинин мүдүрү Нургүл Алиеванын айтымында, жаңы 2017-жылдан баштап беш күндүк окуу програмасына 9-класстан башка бардык класстар кирген.

«9-классынын окуучулары алты күндүк окуу менен окуп жатышат. Калган класстар беш күндүк окуу менен окуп жатышат. Ал эми ишемби күнү болсо баардык сабактар боюнча кружоктор болуп жатат», — деди ал.

Мектеп директорунун билдиришинче, беш күндүк окуу окуучуларга жакшы таасирин тийгизип жатат. «Мурда кружоктор түштөн кийин болгондуктан, кружокко келгенге шарт болгон эмес. Анткени көп окуучулар ата-энелерине жардам берип кружокторго тартыла алган эмес», — деди ал.

Даярдаган: Элзат Жумабаев
Редактор: Азирет Туратбеков
Сынак үчүн