Жайыл районуна караштуу Кара-Суу айылынын тургундары жумушсуздуктан улам кумар оюндарына барган учурлар катталат.
Айыл тургуну Замир Ибраимов Кара-Суу кичинекей жана кылганга иш деле жок экенин айтат.
«Ошондуктан эртеден кечке карта ойнойбуз, менин сарайымдын аркасына. Эртең менен саат 9:00да келишет, ошону менен саат 20:00гө чейин обед жок аларга», — дейт ал.
Мектеп мугалими Гүлжан Ажиева айылдагы чогулуп карта ойногондор боюнча төмөнкүлөрдү айтты.
«Карта оюну — бул байыркы алаксы болуп эсептелген кумар оюндарын көпчүлүк адамдар ойношот. Акырындык менен бул зыянсыз мотивдер олуттуу нерселерге башкача айтканда кумарга, тобокелчиликке, оңой акча табууга, үмүттөнүүгө орун бошотуп берет. Ар бир кумар оюндун натыйжасы жеңилүү ызасын тартуу, уруш-талаш, киши өлтүрүү, өзүн-өзү өлтүрүү менен аяктайт.
Карта ойноп убакытты өткөрүүдө дайыма эсиңерде болсун: баардык кумар оюндарында бир гана жеңүүчү болот, ал уюштуруучу. Карта оюнун ойнойм деген каалоого кабылуу кыйла оңой, оюнга катышпай коюу кыйла татаал. Ошондуктан мектеп окуучулары жана жаштар: Эч качан карта оюндарына катышпагыла! Бекер оокат капканда гана болоорун эсиңерден чыгарбагыла!» — деп айтып өттү Ажиева.
Даярдаган: Медина Сатыбекова