Лейлек районуна караштуу Сары-Дөбө айылындагы мектепте спорт зал жок болгондуктан окуучулар дене тарбия сабагын сыртта өтүп келет. Мектеп директору быйыл спорт зал салынаарын айтат.
Сары-Дөбө мектептин спорт министри Белек Абдыкалык уулу спорт залдын жоктугунан окуучулар күн ысыкта да, суукта да дене тарбия сабагын эшикте өтөөрүн айтат.

«Күндүн суугуна байланыштуу окуучулар көп ооруп жатат. Мындан сырткары зоналык спартакиадага волейболдон даярдана албай жатабыз. Класстын ичинде эле шахмат, тогуз коргоол, теннис менен эле даярданып жатабыз”, — деп билдирди Белек.

Спорт зал маселесинин качан чечилээрин билип көрүү үчүн Сары-Дөбө орто мектебинин директору Жапар Кааровго кайрылганыбызда: «Быйылкы 2017-жылы чечебиз, азырынча эч кандай жаңылык жок» деген жообун айтты.
Даярдаган: Мариям Каарова
Редактору: Аймир Каныбекова
Сынак үчүн