Ак-Талаа районуна караштуу Тоголок-Молдо айылынын тургуну Акен атайын «ООН аялдар» деп аталган долбоор менен ар кандай жер жемиштерди өстүрүү менен алек. Бул долбоор менен алар быйыл ишке киришкен.

Аталган долбоор менен Акенден башка дагы айылда 5-6 адам эмгектенет. Ошондой эле алар жер жемиштердин түрүн өстүүрүп, сугарып турушат.

«Биз бул иш менен жаздан баштап ишке кириштик. Биринчи парниктерге айдадык, анан бакчага отургуздук. Азыр кудайга шүгүр жакшы эле өсүп жатат. Уруктарын өздөрү беришет анан биз аларды азыр өстүрүп жатабыз», — дейт Акен.


Учурда Акен капуста, сабиз, памидор, малина, бадыран өстүүрүп жаткан убагы.
Даярдаган: Бекмырза Алиаскаров
Редактору: Бегимай Бекмурат кызы
Сынак үчүн