Нарын районуна караштуу Учкун айылындагы эшектердин саны жылдан жылга азаюуда. Эшектер Учкун айылында эле эмес коңшу айылдарда да союлууда.

Айылда жашаган адамдар эшектерди союшуп, эттерин сатып жатышкандыгын айыл тургуну мындайча баяндашат.

«Негизи эшектердин жоголуп баратканы жакшы. Бирок, эшектердин эттерин кайра өзүбүз жеп жатканыбыз жаман болуп жатпайбы. Биздин айылдан эле бир киши сойчу экен. Аны эл байкап калып милиция келип, андан кийин сойбой калышты окшойт», -дейт Субан Эшимов.
Кээбир айыл тургундары эшектер жоголгонуна сүйүнүп жаттышса, кээ бири эшектер жок жумуш бүтпөсүн айтат.

«Биздин айылда эшектер коп болчу. Азыр болсо кээ бир кишилер багып алган эле эшектер калбаса калгандары жок. Ал эшектердин жардамы менен оор жүктөрүбүздү ташып алчубуз. азыр болсо өзүбүз ташып калдык», — дейт Байболот Марсбеков.
Даярдаган: Бекмырза Алиаскаров
Редактору: Бегимай Бекмурат кызы
Сынак үчүн