Ш. Бейшеналиев атындагы орто мектебинин курулуп, пайдаланууга берилгенине 38 жыл болгон. Ушул аралыкта бир да капиталдык ремонттон өткөрүлгөн эмес. Полдордун чирип, эскирип калышы мектептин жана окуучулардын санитардык абалын сактоодо бир топ кыйынчылык жаратып келген.
Мына ушул максатта мектептин полун алмаштыруу боюнча түрткү берүүчү грантка долбоор жазылып, эки айдан бери полдор алмашылып жатат.



Аны тендерден утуп алган “СМР-С” жоопкерчилиги чектелген коому жургүзүүдө. Бирок 2-3-кабаттагы окуу бөлмөлөрүнүн полдору алмашылган соң иш токтоду.

Анткени каржы министрлиги кийинки транштагы акча каражатын которууну кечеңдеткен.

Мектеп директору Ч. Рысбаева бул жагдай боюнча тиешелүү өкүлдөргө кайрылып жатканын жана жакын арада маселенин чечилерин белгиледи. Маселе чечилбесе 1-сентябрда окууга кирбей калуу коркунучу турат.
Даярдаган: Г. Мамытбекова