Исабек Бектемиров 1871-жылы Лейлек районунда төрөлгөн. Ал Лейлек, Сүлүктү аймагынан чыккан киши. Ал Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн аталган аймакта топтоого уюштуруучу катары өз салымын кошкон.
Исабек Бектемиров оболу Ходжент аскер коменданты, андан соң 1920-жылы башталган жер, суу реформасы мезгилинде ошол учурдагы Исфана болуштугун аткаруу комитетинин биринчи төрагасы болуп дайындалган.

Бул тууралуу Сумбула айыл өкмөтүнө караштуу Манас атындагы орто мектебинин таарыхчы мугалим Айнура Канатова маалымат берди.
“Исабек Бектемировдун кыргыз элине болгон салымы чоң болгон. Сүлүктү, Лейлек аймагын Совет бийлигине каршы көтөрүлгөн басмачылардан тазалоого жана бийликтин негизин бекем сактоого жетекчилик кылган. Элге башы көрүнгөн билимдүү жетекчи болгон. Исфана болуштугун аткаруу комитетин 1920-жылга чейин аркалаган. Ошол учурда кошуна республикалар менен жүргүзүлгөн чек-ара маселесинен аны аткаруу уюштуруу иштерине жергиликтүү кыргыз бийлигинин өкүлү катары жигердүү катышкан. Тарых жана эл баалайт демекчи эл уулу Исабек Бектемиров Ата-Журтубуз үчүн өз салымын кошкон”, — деди ал.
Исабек ата болуш болуп турган кезде жетим калган 11 баланы таңдап Ходженттеги балдар үйүнө алып барып окууга жайгаштырып, билим алуусуна шарт түзүп тарбиялап өстүргөн.
Алар Исхак Разаков, Усман Элмуратов, Сүйүн Каримов, Разак Мавлянов, Шады Джураев, Капар Каразаков жана башкалар.
Бул инсандар кайсы кызматта иштебесин Исабек болушту “Ата” деп өмүрүнүн акырына чейин бойланышын үзгөн эмес.

Даярдаган: Асел Каарова
Сынак үчүн