Ак-Талаа районуна караштуу Тоголок Молдо айылында футболдук аянтча 2015-жылдын 27-май айынан баштап ишке кирген. Аталган аянтчаны быйылкы он жылдыктар мектепке жардам катары куруп беришкен.
Аталган аянтча айылдагы жаш балдарды спортко чакыруу максатында курууп бергендерин Кылыч мындайча баяндады.

«Биз спорттук аянтчаны 27-майда куруп буттук. Негизинен бул аянтчаны курууга 5-6 бала иштедик жана айылдын мугалимдери келип жардамдашып турушту. Биздин айылда жаш балдар бош эле жүрүшөт. Ошол себептен биз аларды спортко чакыруу максатында куруп бердик», — деди Кылыч Байжигитов.

Бул футболдук аянтча курулгандыгы мектептин мугалимдерине да, мектеп курагындагы балдарга да жакшы шарт түзгөн.

«Мен бул аянтча курулгандагына аябай кубанып жатам. Негизи каникулдарда бош эле жүрчүмүн да. Эми биз күнүгө келип ойноп турабыз», — деди Кубаныч Райынбеков.
Даярдаган: Айдана Талантбекова
Редактору: Бегимай Бекмурат кызы
Сынак учун