25-августтан 30-августка чейин Немец толкуну (DW Akademie) академиясы тарабынан уюштурулган семинар болдуп өттү. Анда Германиядан келген адистер ыктыярчыларга сабак өтүштү. 11 окуучу катышып, семинар практика жүзүндө болду.
Катышкан окуучуларга видеомонтаж жасаганды, сүрөттү туура тартуу боюнча сабак өтүлдү. Жети дубандан келген келечектеги жаш кабарчылар семинарга кызыгуу менен катышты.
Жайдын ысык аптабында окуучулар семинардан кийин ар кандай көңүл ачуучу жайларга барып, көлгө түшүшүп эс алышты. Бул семинар окуу менен эс алууну айкалыштырган мыкты семинар болду деп жаш кабарчылар белгилей кетишти.
Болуп өткөн семинарга биздин кабарчыбыз Адил Асангазиев катышып, сертификат алып кайтты.
Даярдагандар: Алина Турдалиева, Адил Асангазиев.