Куу-Майдан айылында буудай оруу жыюу иштери башталды. Быйыл мөндүр жаап буудайдын данын төгүп койгонуна байланыштуу буудайдын түшүмү жылдагыдай болгон жок.

Учурда Куу-Майданда беш комбайн кызмат кылууда. Жылда болгону эки комбайн кызмат кылчу быйыл мурдагыдай кезекке туруп күтүү жок.

Буудайды гектарын 3000 сомдон оруп жатат. Буудай оргон комбайндардын көпчүлүгү башка айылдардан.

Бир гектар жерге буудай себүү үчүн 200-250 килограмм буудай сарпталат. Азыр буудайдын килограммы 7-9 сомдон сатылып, жылдагыдан арзан болуп жатат.

Быйылкы жылы буудай себүү эрте башталганына байланыштуу оруп жыюу да эрте башталды. Анткени кыш эрте аяктап, айыл тургундары буудайды жылдагыга салыштырмалуу эрте эгишкен.

Дыйкан Кожон Абдразаков жылда бир гектар жерден бир тоннадай буудай алганын, быйыл мөндүр каттуу жаап буудайлардын дандарын төгүп салганына байланыштуу быйыл 500 килограммдай түшүм болгонун айтты.
Даярдаган: Хусейн Курсантбек уулу