Куу-Майдан айылына жаңы мечит курулуп жатат. Мечит арабдардын Табарак фондунун жардамы менен курулууда.
Мечит узунан 24 метр, туурасынан 18 метр болуп 400 адамга ылайыкташтырылган. Арабдар бул мечитке 40 миң доллар акча бөлүп берген. Мечитке арабдардан сырткары дагы көптөгөн демөөрчүүлөр колунан келген жардамдарды берүүдө.
Мечиттин көбүнчө жери эле ашар жолу менен бүтүп жатат. Усталардын тамак-аштары айылдын мойнунда. Мечиттин башталганына бир айдан ашты, буюрса ушул жылы бүтүп калат дешет.
Мечиттин көзөмөлүн өз мойнуна алган Уларбек Дүйшөбаевдин билдирүүсүндө, эки-үч жылдан бери долбоор жазылып, ал ийгиликтүү өтүп мечит курула баштаган.
Айыл аксалдары арабдар берген акчаны карап турбастан, өзүбүз дагы колдон келген жардамды берип жатабыз, дешет.
Даярдаган: Хусейн Курсантбек уулу