«Өнөрлүү өлбөйт» демекчи эл арасында өнөрлүү адамдар көп. Алар элдердин муктаждыгын эске алуу менен өз ишин да андан ары улантып жатышат. Жасаган ишинин аркасы менен эл арасында баар таап жүргөн ишкер айымдарыбыз өтө эле көп. Башында хобби кана болгон ишти, кийин чоң жумушка айландырып, япониялык компания менен иштешип, чет элдик көргөзмөлөргө катышып көптөгөн сыйлыктарды ээси болгон Созул Айбашева биздин бүгүнкү менин ийгилигим долбоорунун каарманы. Ал 2005-жылдан бери кол өнөрчүлүк менен олутуу алектенип келет. Созул эженин жасаган эмгектери чет мамлекеттердин көргөзмөлөрүнө коюлуп, сыналгылардан да көрсөтүлүп келет. Азыр ушул тапта үйүнөн чакан ишкана ачып алып өз өнөрүн жаш кыз- келиндерге да үйрөтүүдө. Дал ушул ишкер айым өзүнүн ишмердүүлүгү туралуу төмөндөгүлөрдү айтып берди:
«Өнөр Булагы» негизи биз боз-үйдүн формасын алганбыз. Япониянын Жайка окуу турунан өтүп кийиздерди иштетүү, боё натуралдык боёкторго, сайма саюуу деген. 2011 жылы СНГнын 20 жылдыгы дегенге атайын чакыруу алып, ошондо менин буюмдарым барып Москвада өткөн көргөзмөдө, таза экологиялык буюмдар жасалган деген дипломдор алынып келинген. Биздин буюмдарыбыз көбүнчө эле Япониянын МУЖ компанимясынын заказдарынын буюртмаларын жасап келебиз. Жылына биз 4,5-5000000 сомдук заказдарды аткарабыз. Тарых жана Маданият жылындагы боло турган көчмөндөр оюуну 2016га дагы өз продукцияларыбызды даярдап жатабыз».
Созул эженин кылган иштери, жараткан ийгиликтери көпчүлүккө маалым. Анын жараткан ийгиликтерине айыл тургундары да кубанычта. Элдин керегине жарап, эл адамы болгон ишкер айым туралуу айыл тургуну Азим Келдиша уулу буларга токтоло кетти:
«Созул эже көп жылдардан бери кол өнөрчүлүк менен алектенип келе жатат. Анын жасаган буюмдарын чет жерликтер алып кетишет. Өзү Япония тарабынан ачылган компания менен иштешерин билем. Жасаган иштери мактоого татыйт деп ишенем».
Ал эми жергиликтүү тургундардын, ишкер айымдарга болгон көз караштары түз. Себеби алардын оюу боюнча дал ушул ишкер айымдар айылдын атагын алыска чыгарып, айымдарды иш менен камсыздап, социалдык жактан жашоосун оңдоого бир аз да болсо салымын кошот деп айтышат. Иштеген иш боюнча айыл тургуну Аида Абласова өз оюн мындайча билдирди:
« Мен эки жылдан бери Созул эже менен иштешем. Жалаң кийиз, жүндөн ар түрдүу сувенирлерди жасайбыз. Мындан тышкары саймаларды саябыз, шариктерди тоголоктоп шуруларды жасайбыз. Жасаган буюмдарыбызга жараша эмгек акы алабыз. Мындан тышкары көп нерселерди үйрөнөбүз. Негизгиси үйдө бош отурбай акча табабыз. Алган эмгек акыбыз күнүмдүк жашообузга кенен эле жетет».
Созул Айбашева келечекте 2016-2017 жылдагы көргөзмөлөргө катышып экологиялык таза буюмдарды жасап, айылдын атагын чыгарып, байгелүү оорундарга жетишүүнү пландаштырууда. Ал күнү-түнү талыкпай эмгектенип табигый боёкторго боёлгон кийиз буюмдарын жасап жатат. Сиздер Менин ийгилигим долбоорунун алкагында даярдалган Жергиликтүү ишкер айымдар туурасында уктуңуздар.
Даярдаган: Гүлкайыр Осмоналиева.