Ноокат шаарында жаш балдар үчүн оюн аянтчасы ачылды. Оюн аянтча 2 айдан бери иштеп жатат.

Аянтчанын ичинде теннис, бассейн, батут, ашкана, дүкөн жана башка жайлар камтылган. Теннис бир саатына 60 сом, батут жарым саатына 40 сом, бассейн бир саатына 50 сом. Ашканада самса, пирожки, манты, катлет, жумуртка, чай, кофе жана башка тамак-аштар бар.

Жаңы ачылган оюн аянтчасына Ноокат районунун бүт айылдарынан келип эс алып кетишет. Эс алуучулардын саны арбын.

Бибисаада Исманова оюн аянтчасы ачылып, каникулда бул жерге келип эс алып жатканын айтат.


Даярдаган: Кристина Кудайберди кызы
Сынак үчүн