Чүй облусунун Кара-Суу айылында айыл-чарба иштери кызуу жүрүп жаткан убагы. Азыр айылда дыйкандар арпа, буудай чаап жаткан маалы. Арпа, буудай чабуу менен бирге сугат иштери да жүрүп жатат. Кызылча, жүгөрү, беде сугарып жатышат жана дыйкандар арпа буудай чаап жатышкан убагы. Айылыбызда 3-4 күндөн бери жаан жаап жатат. Ошого карабастан айыл эли иштерин жүргүзүп жатат. Бирок арпа, буудай чабуу токтоп калды. Айылда 350 гектарга жакын арпа бар. Арпасын чапкан дыйкандар Молдобеков Эсенбек, Үсөнканов Бейшенбек жана Ибраимов Замирдин айтуулары боюнча арпа гектарынан 2 жарым жана 3 тоннага чейин түшүм берип жатат. Ал эми базардагы баасы 8,5, 9 сом болуп жаткан убагы. Кара-Суу айылында комбайн жок болгондуктан, айылга башка жактан комбайндар келип арпа, буудай чаап жатышат. Гектарын 2 миң сомдун тегерегинде чаап жатышат. Дыйкандар өзүнүн эмгегинин үзүрүн көрүп жатышат.
Даярдаган: Данияр кызы Назик
Сынак үчүн