20-30-июлда «ММК колдоо борбору» тарабынан «Демократия лагери» аталыштагы лагерь болуп өттү. Лагерь Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарындагы «Жетиген» пансионатында уюштурулуп, «Суусамыр FM» жамааттык радиосунун ыктыярчылары катышып келишти.
Бул лагерге өлкөнүн ар тарабынан келген мектеп окуучулары катышып, жалпы 60 окуучу жайкы лагерде билим алышты. «Суусамыр FM» жамааттык радиосунун волонтерлору Акишбекова Назима жана Индусбекова Айтеңир Ысык-Кѳлдүн жээгинде болуп өткөн «Демократия лагерине» ийгиликтүү катышып келишти.
Бул лагерге кантип катышып калгандыгы тууралуу Назима Акишбекова мындай деди:
“Биз бул лагерге Айзада Калканбекованын сунушу аркылуу катышып калдык. Биз кубануу менен макул болуп сынакка катышканбыз, анан май айынын аягында жыйынтык чыгып, өтүп кеттик. Лагерге өткөндө аябай сүйүнүп, кубанычым койнума батпай, лагерге барар күндү чыдамсыздык менен күттүм. Анан бул күн да келди, Ысык-Көлгө кетип баратып башкача сезимдер пайда болду, аябай толкунданып, кыялданып коюп кетип бараттым. Бул лагерькөгүлтүр Ыссык-Көлүбүздүн жээгинде ѳтүп, 10 күн бою эӊ жакшы эс алдык. Ал жакта кызыктуу нерселер абдан көп болду. Бул лагерге бизге окшогон волонтерлор жана мектеп окуучулары барышты.”
Ал эми Айтеңир Индусбекова бул лагерден көптөгөн нерселерди үйрөнүп келгендигин айтат:
«Биз бул «Демократия лагеринде» көптөгөн нерселерди үйрөнѳ алдык. Мисалы, ал жактан досторду таптык, команда менен иштегенди, ойногонду үйрөндүк. Мен мурун китеп окуганга анча деле кызыкчу эмесмин, ал эми бул лагерден келгенден кийин мен 2 китеп окуп бүтүрдүм . Бул дагы чон сабак десем болот. Жана ошондой эле журналистика боюнча да көптөгөн нерселерди үйрөтүштү. Ал жактан түшкө чейин сабак өтүп, ал эми түштөн кийин кечки презентацияга даярданчыбыз. Бул убактарда да кызыктуу нерселер көп болду. Ар кандай ролдорду ойноп, жаңылыктарды жасап жаттык. Мага бул лагерьабдан жакты, мен бул лагерден келгенден кийин жакшы жактарга өзгөрдүм деп ойлойм. Андыктан биз лагерден эмнени үйрөнүп келсек аны үйрөтөлү деп жатабыз.”
Бул лагерге катышкан Назиманын атасы Акишбек Сыдыков кызымды ар дайым колдойм деди:
«Мен кызыма ар дайым колдоо көрсөтөм. Менин кызым радиодо иштеп баштагандан бери жакшы жактарга өзгөрдү, радиодон көптөгөн семинарларга барып өзүнө керектүү нерселерди ала алды жана келечектеги мыкты журналист болууга багыт алды десем да болот. Өзү да журналистикага аябай кызыгып жүрөт. Кызыма түрткү берген Айзада эжесине да чоң рахмат! Андыктан мен кызыма эч качан каршы чыкпайм, кызыма дагы да ийгиликтерди каалайм. Келечекте мыкты журналисттерден болот деп ойлойм. Мен кызым менен сыймыктанам!»
Өлкөнүн келечеги болгон жаштар үчүн буга окшогон тренинг-семинарлардын уюштурулушу эң чоң мотивация берип, келечектерине жол көрсөтөт.
Даярдаган: Зыйнат Самар кызы, Назима Акишбекова