Сокулук районуна караштуу Восточное айылынын тургундары айылдык мектепте окуучулар үчүн этномузей көргөзмөсүн уюштурушту. Этномузей көргөзмөсүн уюштуруунун негизги максаты-өткөн доор менен азыркы замандын тиричилик жашоосун айкалыштыруу, жаңы муунга өз элинин каада-салттары жана буюмдары менен тааныштыруу, тарыхый жана маданий мурастары жөнүндө билимин кеңейтүү жөнүндө болду.
Восточное айылы (20-хутор) – Жаңы-Жер айыл аймагында жайгашкан. Аталган айылда кавказ улутунун эли жашашат. Айылдагы мектептин демилгелүү ата-энелери уюштурган этномузей жаш өспүрүмдөргө өтө кызык болду.
Бүгүнкү күнү алар ата-бабалардын байыркы тарыхын таанууга, өткөн кылымдын философиясына чөмүлүүгө мүмкүнчүлүк алышты. Уюштуруучулар дагестандын тарыхын баяндаган элдик чеберлердин колу менен жасалган тарыхый жана көркөм баалуулукка ээ болгон, элдик турмуш-тиричилик буюмдарын топтошту.
Айта кетсек, бул айылдагы кавказ эли 1930-жылдардан бери ушул 20-хутор айылында жашашат. Байлыктын булагы-Шариат нормалары боюнча жашаган жамааттын биримдиги. Аалымдардын жана окумуштуулардын урпактары жашагандыктан ислам динин бекем кармашат. Ал эми алардын лидерлери-рухий насаатчы болушат. Бир кылымга жакын жашашса дагы өз тилин жана салтын унуткан жок. Айылда 4 мечит жана 3 медресе(бири кыздар үчүн) бар. Алар негизинен дыйканчылык жана мал чарбачылыгы менен алектенишет.
Турсун Омуралиева