Бүгүн, 12-декабрь улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүнө карата Талас шаарындагы жазуучунун эстелигинин алдында эскерүү иш чарасы менен катар “Улуттук адабият күнү” белгиленди.
Ага КР Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары К. Осмонбеков, Талас шаарынын мэри А. Шабданов, КР Улуттук Жазуучулар союзунун Талас облустук бөлүмүнүн төрагасынын орун басары А. Момунтаева жана мекеме-ишкана кызматкерлери, студенттер ошондой эле мектеп окуучулары катышты.
Иш чара Чыңгыз Айтматовдун эстелигине гүл коюу аземи менен башталып, адабий чөйрөнүн өкүлдөрү жана мектеп окуучулары жазуучуга арналган көркөм ырларды окушту. Ошондой эле катышуучулардын назарына К. Медетбеков атындагы Талас облустук музыкалык драма театрынын актерлору тарабынан даярдалган драматург Т. Абдымомуновдун “Абийир кечирбейт” драмасынан сценка коюлду.
Аталган иш -чара Талас облустук А. Токтогулов атындагы китепкананын эмгек жамааты уюштурган «Кыргыздын классик акын-жазуучулары» аталышындагы китеп көргөзмөсү менен жыйынтыкталды.