Түп районуна караштуу Токтоян айылынын маданият үйүндө жыйын болду. Жыйында айыл өкмөтү аткарган иштери боюнча өз отчётун берди.
Айыл тургундары катышкан жыйында Карасаев айыл аймагынын башчысы Курманбек Кайыков Токтоянда азыркы талаптарга жооп берүүчү ФАП жана мектеп салынып жаткандыгы тууралу да сөз кылды.
Жыйында айылды өнүктүрүү жолдору тууралуу талкуулар болуп, айыл тургундары да өз ойлору менен бөлүшүп, суроолорун узатышты.

Айыл өкмөтү кайрадан шайланып жаткандыктан талапкерлердин пландары менен айыл тургундарын тааныштырышты. Токтояндын жашоочулары талапкерлердин пландарына болгон көз караштарын айтышып, өз суроолоруна жоопторду ала алышты.
Даярдаган: Султан Абдыбеков
Редактор: Нуриса Максат кызы
Сынак үчүн