Түп районуна караштуу Токтоян айылындагы окуучулар өрмө өрүп жатышат. Алар футбол дарбазасына тор токуганга да жетишкен.
Айылдын жаш тургундары бул өнөрдү өздөрү эле өз алдынча өздөштүрүп алышкан. 13 жаштагы Ахмет Шайыков бир жылдан бери өрмө менен алектенип келатканын айтат.
“Мага абдан жагат. Мен сегизге, он экиге чейин өрүлгөн өрмөлөрдү билем. Камчыларды да түрлөнтүп өргөндү жакшы көрөм”, — дейт Ахмет.

Ахметтин классташы Мыктыбек Арзыкулов өрмө менен алектенгенине аз эле болгон. Бирок ал өрмөлөрдү түрлөнтүүгө жетишкен.
«Мен башкаларга үйрөтүүгө тырышам. Сок камчыларды көбүнчө тогузга өрөм. Бешке, сегизге, тогузга жана он экиге өрө алам. Бара-бара бул менен хоббим болуп калды», — дейт Мыктыбек.
Өрмөгө кызыккан Бексултан Төрөгелдиев болсо жакында эле футбол дарбазасын жиптен токушкандыгын билдирди.
“Мен токуганды жакшы көрөм. Жакында эле футбол дарбазасын токудук. Ага бир мүшөк жилка жип кетти. Аны биз эки күндө бүттүк”, — деп токтолду Бексултан.
Даярдаган: Канат Нурланов, Султан Абдыбеков
Редактор: Нуриса Максат кызы
Сынак үчүн