“Токтоян жаңылыктары” аттуу журнал Түп районуна караштуу Токтоян айылындагы жамааттык мультимедиа борборунда жарык көрдү. Окурмандарга ыңгайлуу болуш үчүн журналда айыл жаңылыктары атайын бөлүмдөр менен сунушталат.
Журнал сегиз беттен турат жана айыл тургундарына бекер таратылат. Токтояндын жашоочусу Элмира Мукамбетова айыл журналынын басылып чыгып жатканына кубанычта экенин айтат.

«Биздин айылда ушундай жакшы жаңылыктардын болуп жатышына абдан кубанычтамын. Ал эми бул журналдын чыгышы абдан эле жакшы болду, мен бул журналды алып окуп абдан ыраазы болуп турам. Мисалы бул жакта жазылган жаңылыктардын көбүнчөсүн билбептирмин. Ушундай жакшы жаңылыктар менен бизди кубандырып турганыңар — бул абдан жакшы нерсе. Сиздерге ийгиликтерди каалайм”, -деп билдирди Мукамбетова.
Токтояндын дагы бир тургуну Дилбара Иманбекова журналдын чыгышы ал үчүн жаңылык болгонун айтат.

«Анткени бул жактагы пайдалуу кеңештер абдан кызыктуу экен. Жана ошондой эле өзүбүздүн айылыбыздын жаңылыктарын өзүнчө бир журналдан окуу абдан жакшы нерсе”, — дейт ал.
Даярдагандар: Султан Абдыбеков, Канат Нурланов
Редактор: Нуриса Максат кызы
Сынак үчүн