Түп районуна караштуу Токтоян айылында өнөрлүү кыз-келиндер көп. Алардын бири курак курап, сокмочулук менен алектенген Гүлмира Бакашова.
Ал өз ишинин адиси. Бул өнөр менен мектепке окуп жүргөн кезинен баштап алектенип келет.

Айыл тургундары да ага буйрутма беришип, өзүлөрүнүн көңүлүнө топ келген шырдак, курак жана башка сокмо кийимдерди сатып алышат.

Өз сөзүндө Бакашова буюмдун сапатына да көңүл буруп, ошого жараша сатарын төмөндөгүчө баяндады.

“Мен кичине кезимден ушундай сокмо сокконго, курак кураганга кызыгып, апаман үйрөнгөм. Мектепте окуп жүргөн кезимен баштап бул иш менен алектенип келем. Өзүмдүн неберелериме ар кандай кийимдерди согуп, үйгө жер төшөктөрдү тигем. Ар бир буюмдун чоңдугуна, кооздолушуна жараша убакыт сарпталат. Андан тышкары айылдаштарыман да ар кандай заказдарды алам. Буйрутмалар кээде көп болсо, кээде такыр жок. Ар бир буюмдун материалынын сапатына жараша сатам”, — деп айтып берди Бакашова.
Даярдаган: Адилия Мундукова
ДО
Сынак үчүн