Лейлек районуна караштуу Сары-Дөбө айылындагы мектепте быйыл жылытуу системасы жакшы иштеп жатат. Себеби жылытуучу түтүктөр толук оңдоодон өтүп, атайын от казан курулган.
Жылытуу системасы тууралуу Сары-Дөбө орто мектебинин от жаккычы Исак Тажибаев «Азыр мектеп жакшы жылып жатат. Көмүрдү тынымсыз жагабыз. Түтүктөрдү тез-тез текшерип көзөмөлдөп турабыз” деди.

Мектеп мугалими Айнур Миңбаванын айтымында, азыр сабак өткөнгө ыңгайлуу болуп калган.

“Мурда мындай шарт жок эле, азыр класстар жылуу, сабак өткөнгө ыңгайлуу болуп калды. Мен 12 жылдан бери Сары-Дөбө орто мектебинде иштейм. Мурда темир мештер кышында орнотулуп от жагылчу. Көмүрдүн жыты чыгып, окуучулардын, мугалимдердин башы ооруп, кээде эшикке чыгып сабак өтчүбүз. Жытты кетириш үчүн эшик терезелерди ачканда класс кайра эле муздап калчу. Учурда сабак өткөнгө жакшы шарт түзүлдү. Биздин мектептин жылуулугу кошуна мектептерге караганда бир кыйла жылуу. Башка мектептерден коноктор келгенде жылуулукка аябай суктанышат”, — деди Сары-Дөбө орто мектебинин орус тили мугалими Миңбаева.
Даярдаган: Айзирек Миңбаева
Редактору: Аймир Каныбекова
Сынак үчүн