Жайыл районуна караштуу Кара-Суу айылында жайыттарды жана мал чарбасын жакшыртуу долбоору боюнча чогулуш өттү. Бул долбоор Чүй облусу менен Талас облусун камтыйт.
Кара-Суу айылдык кеңештин депутаты Элизар Молдобековдун айтымында, чогулуштун эң биринчи максаты — жайыттар боюнча көйгөйлүү болгон маселелерге жардам берүү.
«Бул долбоор Чүй облусу менен Талас облусун камтыйт. Чүй облусунан 103 айылдык аймак кирген. Талас облусу боюнча 37 айылдык аймак кирди. Орточо эсеп менен долбоорго бүгүнкү күндө Кара-Суу айылдык аймакка 25,600 доллардын тегерегинде акча бөлүнгөн жатат. Эми кудай буйруса ушуну келечекте жакшылап өздөштүрүп, жакшылап ушул акчадан колдонуп, элге бүгүнкү эртеңки күнүнө эмес, жакынкы 100 жылдыкка биздин балдарга неберелерге, чөбөрөлөргө керектүү бир жакшы иш-чараны өткөрүп алсак деген жакшы үмүттө турабыз», — деп токтолду айылдык депутат.

Бул долбоорду мындан ары өнүктүрүш үчүн эмне керек?
— Буга эң биринчиден, элдин салымы, катышуусу керек. Элдин салымы — бул долбоордо 5% акчалай, ал эми 20% жумуш түрүндө же кандайдыр бир материал түрүндө жана техникалык жардам көрсөтсө болот. Ал эми 75% долбоор колдойт. Бул акчанын баары тең бүгүнкү күндө долбоордуку деп саналганы менен, кыргыз өкмөтү мойнуна алып жатат. Демек ошол 15 миллион доллардын, 8 миллион 250 миңи өкмөт үчүн кредит, ал эми 6 миллион 750 миңи бул грант.
Кредит деген эми кандай?
— Бул эми кредит десе аны эртеңки күнү эл төлөбөйт. Аны 36 жылдын ичинде кыргыз өкмөтү Дүйнөлүк банкка төлөп берет. Анын демек 0,75 % абдан эле аз. Демек бүгүнкү күндөгү, башында айтылып кеткен чогулуштун максаты айылдык аймактын же бул чогулуш Кара-Сууда өтүп жаткандан кийин Кара-Суу айылынын тегерегиндеги жайытарга тиешелүү болгон маселелерди көтөрүү. Бүгүнкү күндө бул актуалдуу. Айылдын эли жайыт пайдалануучулар. Жайытка мал чыгарган адамдардын баары жайыт пайдалануучулардын катарына кирет. Демек, жайыт пайдалануучулар ушул көйгөйдү жакшы билишет.
— Эми буйруса жакынкы күндө да чогулуш уюштурабыз. Кара-Суу боюнча бул көйгөй биринчи орунга чыкты. Эл колдосо биз келечекте ошол көйгөйдүн үстүндө иштеп, ошол көйгөйдүн үстүндө иш алпаруу биздин максатыбыз. Ушул долбоорду ишке ашырууда жаштардын салымы аябай активдүү болот деп, мен Кара-Суунун кулуну катары абдан чоң ишеничтемин. Колдон келишинче келечекте өзүмдүн Кара-Суу айылыма, жериме, өзүм кызмат кылсам деген алдыма койгон максаттарым бар. Ушунун баарын ишке ашырабыз деген ойдомун!
Даярдаган: Элзат Джумабаев
Редактор: Азирет Туратбеков
Сынак үчүн