Лейлек районуна караштуу Сары-Дөбө айылынын тургуну Бабабек Умурзаков 27 жылдан бери устачылык менен алектенип келет. Уста темирден жана жыгачтан үй эмеректерин жасайт.
Бабабек Умурзаковдун өнөрү тууралуу кененирээк маалымат алуу үчун уста менен маек курдук.
Саламатсызбы? Устачылыкты кимден үйрөнгөнсүз?
— Менин атам уста болгон. Ошондон улам устачылык дээримде болсо керек. Кичинемден бери кызыгып, изденип көп жылдан бери тажрыйба топтоп келе жатам.

Эмнелерди жасайсыз?
— Темирден, жыгачтан үй тиричилигине керектүү буюмдардын көп түрүн, үй эмеректерин, эмгек шаймандарын андан сырткары мектепке, бала бакчага буюмдарды, сувинерлерди жасайм.

Учурда буйрутма эмнелерге көп түшүп жатат?
— Азыр айылыбызда элдин саны күндөн-күнгө азайып, бардыгы шаарга көчүп кетип жаткандыктан үй салууга буйрутма аз түшөт. Көбүнчө эмгек шаймандарынан араба, күрөккө, үй тиричиликтен бычак жасоого, аны чарктоого көп кайрылып жатат.

Жасаган буюмдарыңыздын баасын кантип баалайсыз?
— Жасаган эмгектеримди кардар менен кеңешип баалайм же болбосо канча берсе да ала берем. Ал эми сувинерлерди бекер эле жасап берем.

Устачылыктан сырткары эмне менен алектенесиз?
— Устачылыктан сырткары мал чарбачылык менен алектенем. Анан тегирмен тартып иштейм. Учурда колдо тегирмен жасап жаткан учурум.
Маегиңизге чоң рахмат!
Даярдаган: Гүлбарчын Умурзакова
Редактору: Аймир Каныбекова
Сынак үчүн