Ушул жылы Кыргызстанда жергиликтүү кеңештердин депуттарынын шайлоосу өтөт. Ага эркектер сыяктуу эле аялдар да талапкерлигин коюуда. Коомдо аялдын орду үйдө деген сыяктуу ар түрдүү стереотиптер кездешкен менен айылдык кеңешке аттанып жаткан айымдар атайын билим алып, саясатка активдүү даярдык көрүүдө.
Айылда аялдар гана чече турган көмүскөдөгү социалдык көйгөйлөр абдан көп. Бирок, бүгүнкү күндө алардын потенциалы коомдун алдыга жылуусуна колдонулбай, илимдүү, дилгирлүү аялдар үй тиричилиги менен гана убакыт өткөрүп калып жатат.
Мындан улам, өзгөчө элет жергесинде айымдардын лидерлигин өркүндөтүү маанилүү. Аялдар өздөрүнүн лидерлигин көрсөтүүдөн коркушат, анткени алар жашаган жеринде ар түрдүү чечимдерди кабыл алууга катышпайт. Алардын саясий процесстерге катышуусу абдан төмөн. Ошондуктан, элет жеринде бир топ социалдык көйгөйлөр чечилбей келет дейт Ак-Талаа районунун Баетов айылдык кеңешине депутаттыкка талапкер Айнура Кубатова.
Ак-Талаа районунун Баетов айылдык кеңешине депутаттыкка талапкер Айнура Кубатова.
“Талапкерликти коюуда ар кандай атаандаштык, көрө албастык, тоскоолдуктар болбой койбойт экен. Мен депутаттыкка талапкерлигимди коюуда “Инновация үчүн өнөктөштүк” деген атайын окуудан өттүм. Анын негизинде элеттик аялдар кантип лидер болуп, өз айылына салым кошо алаарын өздөштүрдүм. Шайлоого даярдыгым жакшы деп айта алам. Себеби окудум, даярдандым. Ак-Талаа районунун лидер айымдары менен бирге иштеп чыккан программабыз бар. Айылга атайын анализ жүргүзүп чыктык. Анын негизинде атайын платформа түздүк. Буюрса, Баетов айылдык кеңешине депутаттыкка өтүп калсам, ошол платформаны ишке ашырам деген ниеттемин.”
Депутаттыкка талапкер айымдар
Шайлоого катышууда аялдардын алдында бир канча тоскоолдуктар бар. Алардын бири стереотиптик көз-караш. Аялдар эмне кылып кыйратат? Эркек жасай албаган ишти аял кыла алмак беле дешет. Мындан тышкары, аялдын үй-бүлөлүк абалын, жашоо шартын сындаган тайкылыктар коомдо кеңири кездешип келет. Аялдар агитация жүргүзүүдө стереотиптик элдин көз-карашы да алар үчүн бирден-бир чоң тоскоолдук. Ошондон улам, кээ бири агитациялык иштерди да активдүү жүргүзө албай калууда. Мында алар, аял болгону үчун уялышат.
Экинчи тоскоолдук, саясатка аралышап баштаган аялдарга алардын оппоненттери эркектер тарабынан болуп келет. Алсак, эркектер телефон аркылуу коркутуп, кемсинткен сөздөрдү жөнөткөн учурлар кездешип келет. Дагы бир көрүнүш, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү да өздөрүнүн адамдарын алып келгенге аракет кылып, аялдарга тоскоолдук кылып келишет.
Үчүнчүдөн, аялдардын материалдык абалы. Шайлоого аттанууда талапкерлер фонд ачуусу керек. Ага акча каражат керек. Бирок, ошондой фонд ачууга анын үй-бүлөсү каршы болуп койгон учурлар кездешет. Эркек киши фонд түзөм десе, ал аялынан сурабай эле беш миң сом болобу, он миң сом болобу бир коюн сатып болсо дагы ачат. Бирок, элеттик айымдар акча каражат жагынан дагы үй-бүлөнүн колдоосуна муктаж болуп калууда дейт Аялдарды колдоо борборунун аткаруучу директору Бакен Досалиева.
Аялдарды колдоо борборунун аткаруучу директору Бакен Досалиева
“Ушул жылдын башында, шайлоого катышам деген аялдарды окутуп, даярдадык. Бизде, “30% квота — аялдардын саясий лидерлигин илгерлетүүнүн кепилдиги” -деген аталышта эл аралык АргО, USAID уюмунун жана жергиликтүү жарандык жигердешүү фондусунун колдоосу менен 4 пилоттук айылда 100 аялды даярдадык. Алар алгач окууга келгенде шйлоого катышсакпы же жөн эле койсокпу деген арсар ойдо эле. Мыйзам жөнүндө маалыматка ээ болгон соң, алар депутат болуп, социалдык маселелерди көтөрүп, бюджетке сарамжалдуу мамиле кылууну, коомчулукту жакшы тарапка өзгөртө алат экенбиз деген ишенимдүү пикирлерин билдирди.”
Айылдык кеңештерге депутаттыкка талапкерлер
Долбоордун алкагында аялдардын потенциалы, билим деңгээли жогорулап, депутат болуп, коомго салым кошууга ишеними бекемделген. Мындан тышкары, депутаттыкка талапкер айымдар шайлоого чейинки ментордук колдоого ээ болушкан. Анын жыйынтыгында шайлоого бара турган айымдар өз платформаларын даярдашкан.
Белгилей кетсек, ушул жылдын 12-апрелинде Кыргызстандын жер жерлеринде айылдык кеңештерди шайлоо жүргүзүлмөк. Ага өлкө башчы тарабынан кол коюлган. Бирок, COVID-19га байланыштуу шайлоону өткөрүү жылдырылган. ЖК жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоону жай мезгилине сунуштаган.
Эл арасында өткөрүлгөн сурамжылоого ылайык, жай мезгилинде элеттеги шайлоочулардын басымдуу бөлүгү жайлоого чыгып кетээри, талаа иштери менен алек болоору, башка облусттарга барып сезондук иштерде иштээри айтылган. Мындан улам, депуттаттыкка талапкерлигин коюп жаткан айымдар, жай мезгилинде шайлоо болсо эл келбей коебу деген тынчсызданууда тургандыгын кошумчалады.
Жергиликтүү кеңеште аялдардын болуусу маанилүүбү?
Касиет Кубанычбек кызы