Кара-Суу айылынын чоң көйгөйлөрүнүн бири спирт ичимдиги. Тойлордо көп колдонулуп, жаштардын арасында ичимдик ичкендер, айылдагы коопсуздукка кедерги тийгизип жаткандыгы тууралуу сөздөр болууда.
Бул адат боюнча жаштардын оюн угуп көрдүк.
Мектеп окуучусу Тилек Муратбек уулу айылда спирт ичимдиктерин ичкендердин саны көп эмес, бирок бар дейт.
«Негизи аталарыбыз, байкелерибиз аракты ичпей эле коюшса жакшы эле болмок. Кээ бир айылдарда арак сатылбайт экен. Биздин айылда да ушул аракты сатпай эле койсо жакшы болоор эле. Жаштар аракты ичип алышып, бири бири менен мушташып, чаң тополоң болуп эле жүрүшкөнү», — деп айтты Тилек.
11-класста окуган Элдос Таштанов алкоголдук ичимдиктерди ичкенден көрө, спорт менен машыгышса жакшы болоор эле дейт. «Менин оюмча, айылдын өнүгүүсүнө спорт менен машыгуу чоң көмөк көрсөтмөк. Анан ушинтип эле арак ичип жүрө берсек, өнүгүү болобу, болбойбу биздин айылда аны айтуу кыйын», — дейт Элдос. 
Айыл тургуну Ратха Джумагулова айылда жаштар аракты көп иче баштаганын айтып, натыйжада көчөдө туруп алышып, сөгүнүшөт, мушташышат, анан аягы милиция менен бүтүп жатат деген оюн айтып өттү.
«Жаштарга үлгү болуп, улуулар деле ичпей койсо жакшы болот эле. Негизи аракты тойлордо көп ичишет. Анан кээ бирөөлөр кууп ичип кетип, далай үй-бүлөөлөр бузулуп жатат. Нооруз айылыбызда жакшынакай өттү эле, анан аягы арак, мушташ менен бүттү. Аракты тыйышса жакшы болмок, мына жаз да келди, андан көрө талаа иштерине көңүл буруп, иштешсе болмок», — деди Кара-Суунун тургуну Джумагулова. 
«Тойлордо арак көп ичилет. Айылдагы комоктордо арак түгөнсө, кошуна айылга барып ичкендер да бар. Арак ичкендери аз келгенсип түнү бою карта ойношот, кээ бирөөлөр», — дейт айылдын дагы бир тургуну.
Окуучуларынын атынан айыл тургундарына спирт ичимдиктерин аз колдонууну суранабыз!
Даярдагандар: Медина Сатыбекова, Таазим Талдыбекова
Сынак үчүн