21-мартта мекенибизде Нооруз майрамы майрамдалат. Бул күнгө карата Жайыл районунун Кара-Суу айыл аймагында 20-март күнү ишембилик деп жарыяланып,
Кара-Суу айылынын тургундары бул чоң майрамга даярдык көрүп, айылдын көчөлөрүн,
мектептин тегерегин, үйлөрдү тазалап жаткан чагы. 
Айылдын тургундары: Усөнканов Айылчы, Ибраимов Замир, Молдобеков Изат үй жайларынын тегерегин жана көчөнү тазалашып, майрамга даярдык көрүп жатышат.
Кара-Суу орто мектебинин жамааты да мектептин айланасын тазалап жатат. 
Кээ бир дыйкандар жазгы себүүгө даярдык көрүп, үрөндөрүн тазалашып жатышат.
Эртеңки майрамды айыл тургундары тосууга даяр.
Даярдаган: Данияр кызы Элиза