
Майрамды уюштуруучулардын бири Калыбек уулу Касымдын айтуусу боюнча мал союлуп, эт бышырылып жатат. Кыз-келиндер боорсок,салат жана башка даамдарын жасашып, эртеңки майрамга кызуу даярданып жаткан чагы.
Солто уруусунун келиндери Мусокожоева Жийде жана Турсуналиева Аида да келиндердин майрамга карата даярдыгы жакшы экенин айтышып, буйруса эртең конокторду жакшы тосуп ала тургандарын айтышты. 
Ошентип, Кара-Суу айылынын тургундары Нооруз майрамын тосконго чоң камылга көрүп жатышат.
Даярдаган: Бейшенбекова Гүлзада