20-март күнү Лейлек районундагы Сумбула айыл аймагынын «Сары-Дөбө» орто мектебинде ата-энелер, мугалимдер жана окуучулар биргелешип конкурс өткөрдү. Темасы «Ата-эненин,мугалимдин жана окуучунун ортосундагы байланышты жакшыртуу.»

Конкурста апалар 7 шарт боюнча ат салышты.
Бул тууралуу маалыматты кыргыз тили жана адабият мугалими Бүүрайма Сулайманова төмөнкүчө билдирди:
«Конкурс кызыктуу болуп өттү. Апалар өздөрүнчө топторго бөлүнүп алып, ырдап, бийлеп, кол өнөрчүлүк, нооруз майрамына карата ырларды айтып,сүмөлөктү бышыруу жолдорун бири-бирне көрсөтүшүп, өнөрлөрүн көрсөтүштү. Жеңген топко мактоо баракча жана кызыктыруучу белектер берилди. Ата-энелер ар дайым мектеп менен байланышып турат. Мындай иш чараларды ар майрамдарда өткөрүп турабыз»,-деди мугалим.
Конкурска катышкан Куралова Аминанын дагы оюн угуп көрдүк. Ал бул конкурска катуу даярданганын айтып кошумчалайт.
«Бул конкурска ата-энелер менен биргеликте аракет кылып, катуу даярдандык десем болот.Жакшы өттү. Ушундай иш-чаралардын көп өткөрүлүп турушун каалаймын.Бары көңүлдүү болду»,-деди ал.
Мындай конкурс дагы апрель айында өткөрүлөт.
Даярдаган: Данияр Бахридин уулу