Азыркы күндө айыл жерин билим, маданият жана жаңы заманбап көз караш менен өнүктүрүү өтө зарыл. Бул үчүн албетте активдүү, идеяга бай, жоопкерчиликтүү жаштар керек болот. Ушундай маселени чечүү же аймактардын өнүгүшүнө салым кошуу үчүн Суусамыр жаштарынан түзүлгөн «Жаштарга көмөк фонду» деп аталган атайын фонд бар. Бул тууралуу аталган фонддун өкүлдөрү Медетбек кызы Аида, Джаныбеков Бекжан жана Толтоев Бектурсун «Суусамыр FM» студиясында түз эфирде айтып беришти.
Түзүлгөнүнө аз гана болсо да буга чейин мектеп окуучуларын китепке кызыктыруу үчүн жана ар кандай мотивациялык тренингдерди өткөрүп келишкен. Алдыда да көптөгөн айыл өнүгүшүнө салым кошо турчу иштерди жасайбыз деп белгилешти. «Жаштарга көмөк фондунда» иштеген кызматкерлер эч кандай айлык акы албастан иштешет. Муну фонддун мүчөлөрү айыл үчүн жана эң негизигиси өзүбүзгө тажрыйба топтоп, өнүгөбүз деп түшүндүрүштү.
Фонд тууралуу кенен маалыматты же Суусамыр активдүү жаштары тууралуу Суусамыр FM радиосунун фейсбук баракчасынан көрө аласыздар!
Эскерте кетсек бул уктуруу Кыргызстандагы Фридрих Эберт атындагы фонд тарабынан каржыланып, ишке ашырылууда. Уктуруудагы ой-пикирлер фонддун көз карашын чагылдырбайт.
Маектешкен: Самар кызы Зыйнат