Суусамыр айыл өкмөтүнүн тургундары быйылкы жылдын бюджети жана жергиликтүү кеңештин 3 жылдык аткарган иштери тууралуу биле алышты.
Студияда Суусамыр айыл өкмөтүнүн башкы бухгалтери Элмира Такырбашева жана жергиликтүү кеңештин төрагасы Нурдасан Кулматов конокто болуп, ачык талкуу куруп беришти.
Эфирдин жүрүшүндө коноктор жергиликтүү кеңеш жана айыл өкмөтү тарабынан жасалган ар бир ишке токтолуп, кеткен чыгымдар, кирешелер тууралуу отчет беришти. Башкы бухгалтер Элмира айым айыл тургундары сессия, жыйындарга катышып жергиликтүү бюджет тууралуу маалымат алса болорун кошумчалады.
Эскерте кетсек, бул уктуруу Кыргызстандагы Фридрих Эберт атындагы фонд тарабынан каржыланып, ишке ашырылууда. Уктуруудагы ой-пикирлер фонддун көз карашын чагылдырбайт.
Маектешкен: Самар кызы Зыйнат