Чоң Кемин айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин депутаттары кандай иш алып барышууда? Бул тууралуу Кемин ФМ радиосунун түз эфиринде маек болду. Угармандарга жергиликтүү депутаттарга түз суроо берүү мүмкүнчүлүгү пайда болду.
Айылдык кеңеште 10 депутат бар жана алардын арасында бир дагы аял депутат жок. Андан сырткары, эфирдин коноктору жергиликтүү кеңештеги депутаттардын билими тууралуу талкуу болду. Жогорку билими жок адамдар депутат болуп келип, көп нерседен түшүнүгү жок болуп жаткандыгы, айыл өкмөттү шайлоодо тууган-урукка жана тааныш- досторго бөлүнүп кетип жатканын белгилешти. Андан сырткары, айыл өкмөтүн шайлоодо ар бир шайлоочу өзү шайласа деген мыйзамга өзгөртүү киргизүү керек экендигин сунушташты.
Айылда көбүнчө жер маселеси кыйынчылык туудуруп, көп чыр-чатактарга да жол ачат деген пикирин билдиришти.
Даярдаган: Гулзат Байгазинова