Нарын районунун Кызыл-Жылдыз айылында таза суунун жоктугунан айыл тургундары Он-Арча, Оттук агын сууларын ичүүгө аргасыз.
Айыл тургуну Солтонкул Иманалиев таза суунун жоктугу кыйынчылыктарды жаратып жатканын айтат.
«Элибиз мал ичкен суудан ичет. Бул адамдын ден соолугуна дагы абдан чоң таасирин тийгизет. Алдыда таза суу чыгарылат деген пландар бар, ал ишке ашпай жатат», — деди Иманалиев.
Аян Абдылдаева Кызыл-Жылдыз айылында төрөлүп өскөн. Азыр ал 54 жашта. Кичине кезинен бери Он-Арча суусунан суу ташып, ичип келе жатканын айтат.
«Мал башынан ичсе, биз аягынан алабыз. Кышында балдарды сууга жибергенден коркобуз, анткени муз калың тоңуп, ээригенде үйүр жүрөт. Кээде эле ушул Он-Арча суусу бозомтук болуп агып калат. Бул ошо Солтонсары алтын-кенинин калдыктары деп ойлоп калабыз. Анан таза суу чыгарылат деген жакшы кабарларды угуп жатабыз, ошол ишке ашып калса жакшы болот эле», — дейт Абдылдаева.
Суу ташыганы келген кичинекей Айдар «Жазында болсо жээктери баткак болгондо, алыс жердеги булактан эшек менен ташып келебиз. Таза суунун жоктугу бизди кыйынчылыкка салат. Башка айылдардагыдай таза суу болсо жакшы болмок» дейт.
Кызыл-Жылдыз айылынын башчысы Кадырбек Абдрахмановдун билдиришинче, буга чейин айылга суу чыгаруу үчүн эл аралык уюмдардан жардам сурап, аракеттер көрүлгөнү менен ишке ашыра албай келишет.
— Кызыл-Жылдыз айылында 285 түтүн, 1293 калк жашайт. Ушул эл менен биргеликтре таза суу көйгөйүн чечкенге аракет жасап келе жатабыз, ал эми өздүк салымды чогултуп, ПСДсын чийдирип бүттүк. Ал өзү эле 355 миң сомдун акча каражатын талап кылат экен. Аны экспертизага дагы сунуштап көрдүк, экспертиза 90 миң сом болду. Акчаны айыл өкмөтүнүн бюджетинен 250 миң сомун алдык, калган каражат спонсордук жана айыл тургундарынан чогулттук. Жалпы 455 миң сом болду. Таза суу департаментин архитектуралык курулуш департаментине дагы сунуштадык. Буюрса 2017-жылкы мамлекеттик планга сунуштап турабыз, анан ишке ашуу алдында турат. Бирок 64 миллион сомго жасалчу иш болуп жатат. Анан ал дагы мамлекеттин акча каражатына жараша болот. Биз ичип жаткан Он-Арча суусунун башы Солтонсары, Кара-Кужур алтын чайкала турган комбинаттан келет. Анан ушул сууну экспертизага алып барсак оор металлдардын запасы көп деп чыгарып беришти, ал сууну ичкенге мүмкүн эмес экен.
Даярдаган: Аман Шаршенбеков
Мыкты макала сынагы үчүн